УКМК жарандык активист Айбек Теңизбай тууралуу маалымат таратты
"Социалдык тармактарда улуттар аралык чагымчыл билдирүүлөрдү жазган автор кармалды" деп маалымат берди жарандык активист Айбек Теңизбайдын кармалышы боюнча УКМКнын маалымат кызматы.Анда белгиленгендей, козголгон кылмыш ишинин жана чогултулган материалдардын алкагында Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Анда Т.А. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери бар экени аныкталган.
Мындан улам, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутуу) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми билдирүүнүн автору Т.А. тергөө абагына камакка алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.
Айта кетсек, активист кечээ, 11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө кармалганы белгилүү болгон. Үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү да айтылган болчу.
Айбек Теңизбай YouTube`дагы каналында бир нече саясатчылар менен маек курган. Анда ал маектешине сөз эркиндиги тууралуу суроолорду да узатып келет. Теңизбай социалдык тармактагы баракчасында бийликтин айрым иштерин сындаган постторду жазып турат.
Ал эми бүгүн, 12-декабрда жарандык активист 48 саатка камакка алынганы маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:08
2025-12-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















