Рысбай Исаковдун аты аталган... Төкмө акын Асылбек Маратовдун пост жазып, өчүргөнү айтылууда
Социалдык тармактарда белгилүү төкмө акын Асылбек Маратовдун өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган постунун сүрөтү тарап жатат. Facebook колдонуучулары төкмө акын жазганын көп өтпөй өчүрүп салганын айтышууда.
Анда Маратовдун "Манас" театрынын директору Нурбек Талантбек уулу менен манасчы Рысбай Исаков бир топ манасчы, акындарга, ал тургай театрдын кызматкерлерине басым кылып келишкени жазылган.
"Ынтымак болсун" деп унчукпай келген манасчы, акын, дастанчылар арбын. "Манас" театры акын, манасчыларды камкордукка алуу үчүн ачылган", - деп айтылат анда.
Айта кетсек, 9-декабрда социалдык тармактарда “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Жагдайды жеринде тактоо жана объективдүү баалоо үчүн Маданият министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын иликтөөсү толук бүткөнгө чейин театрдын директору Талантбек уулу Нурбек кызматынан убактылуу четтетилген.
Кийинчерээк Рысбай Исаков токмоктолгону айтылган Асаналы Калил уулуна жеке маселени жекече чечип алууну сунуштап, кайрылуу жасаган.
Асаналы Калил уулу Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жасап, болгон окуянын чоо-жайын айтып берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















