"Бейиш: Апама кат" тасмасы жакында кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт
Режссёр Руслан Акун тарткан "Бейиш - эненин таманында" тасмасынын көптөн күткөн уландысы болгон "Бейиш: Апама Кат" тасмасы 2026-жылдын 29-январынан тарта өлкөнүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу тасманы тартуу тобу маалымдады.
Буга чейин тасманын уландысында да башкы ролду актёр Эмил Эсеналиев аткара турганы белгилүү болгон. Ошондой эле башкы ролдорду Абил Садиев, Айсалкын Кыйыкбаева, Омар Шер аткарат.
Актёрдук курамда орусиялык кино жылдыздары да бар. Алардын арасында Орусиянын театр жана кино актёру Павел Майков бар. Ал «Бригада» телесериалында бандит Виктор Пчёлкиндин («Ара») образын аткаргандан кийин кеңири таанымалдуулукту ээ болгон. Ошондой эле театр жана кино актёру, орус телесериалдарынын жылдызы Станислав Бондаренко жана стендапер Алексей Щербаков да катышат. Бул долбоор Алексей Щербаков үчүн кинодогу алгачкы дебюттук иши болду.
"Бейиш» тасмасынын биринчи бөлүгүндөгү окуялардан кийин сюжет кичинекей Самирге — Адилдин жакын досуна өтөт. Тогуз жаштагы Самир Кыргызстандагы балдар үйүндө өсүп жаткан акылдуу жана зирек бала. Ал дээрлик көрө элек апасы менен жолугууну самайт. Анын бирден бир таянычы – 35 жаштагы жан досу, баладай Адил болот.
Эске салсак, "Бейиш эненин таманында" тасмасы 2024-жылдын февраль айында көрүүчүлөргө тартуулана баштаган. Тасма Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Азербайжан жана башка өлкөлөрдө да көрсөтүлдү. Фильм Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда, Түркияда, Египетте жана Сауд Арабиясында тартылган.
"Бешик: Апама кат" тасмасы
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















