super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«Бизнесте жол ачып берем». Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

 

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген 25 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясы 13-декабрда билдирди.

Маалыматка ылайык, О.Г. аттуу жаран арызы менен кайрылып, «А.» аттуу кызга карата чара көрүүнү суранган. Анда ушул жылдын май айынан октябрь айынын аягына чейин шектүү «бизнесте жол ачып берем» деген шылтоо менен жана ар кандай ырым-жырымдарды жүргүзүү аркылуу ишенимге кирип, 43 миң доллар өлчөмүндөгү акчасын алдап кеткени айтылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 25 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

"Кармалган жаран өзүн «көзү ачык» катары тааныштырып, жарандарды алдамчылык жолу менен ишенимге кирип, жашоонун ар кандай тармактарында «жол ачып берем» деп акча каражатын талап кылган. Ошондой эле аталган «ырым-жырымдардын» жүрүшүндө акчаны көрүстөндөргө калтырууну суранган жана жип, ийне сыяктуу ар кандай буюмдарды колдонгон", - деп жазылат билдирүүдө.

Тергөө иштери улантылууда.

Эгерде сиз жабырлануучу же күбө болсоңуз, төмөнкү номурлар аркылуу кабар берсеңиз болот: +996 703 656 464 же 10






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: