Ош шаарында акын Алишер Навоинин эстелиги орнотулду (видео)
Ош шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, калаага акын Алишер Навоинин эстелиги орнотулуп, 13-декабрда ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун акиминин орун басары Исманов Исомиддин баштаган делегация, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышты.
Эстелик Курманжан датка жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине тургузулду. Айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, иретке келтирилди. Жасалган иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.
Аны менен бирге Навои көчөсү (Айтиев көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейин) реконструкцияланып, толугу менен пайдаланууга берилди. Жолдун узундугу 2,8 чакырым, кеңдиги 25-26 метр, 6 тилкелүү.
Мэрия кошумчалагандай, шаарда Алишер Навои атындагы эс алуу багы, мектеп жана көчө бар.
Ош шаарында акын Алишер Навоинин эстелиги орнотулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















