"Орто-Сай" базарында шейшембиде таза суу берилбейт
Бишкектеги "Орто-Сай" базарында 16-декабрда убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.Билдирүүдө жазылгандай, бул күнү Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Безымянная көчөнүн кесилишинде жайгашкан объекти суу түтүгүнө кошуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу базарда жана жеке үйлөрдө суу саат 09:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.
"Бишкексууканал" ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















