Трамп Таиланд менен Камбоджаны бажы төлөмдөрү менен коркутту
АКШнын президенти Дональд Трамп Таиланд менен Камбоджага согуштук аракеттерин токтотпосо, жаңы бажы төлөмдөрүн киргизет. Бул тууралуу ал 13-декабрда The Wall Street Journal гезитине берген маегинде билдирди.
"Мен болгону 10 мүнөт мурун Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы жаңы чыңалууну жөнгө салуу үчүн бажы алымдарын колдонгом. Мен аларга: “Эгер силер согуша турган болсоңор, анда мен соода келишимибизди гана жокко чыгарбастан, өлкөлөрүңөргө карата бажы төлөмдөрүн киргизем”, - деген АКШ лидери эки мамлекеттин жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда.
Ошондой эле ал тарифтердин киргизилишин эффективдүү чара деп эсептей турганын белгилеген. Бирок АКШнын Жогорку соту бул чаралардын айрымдарын мыйзамсыз деп табышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.
Белгилей кетсек, 10-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Камбоджа менен Таиланддын ортосундагы кырдаалды жөнгө салууга кайрадан кийлигишүүгө даяр экенин билдирген.
Маалымат үчүн: Эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу 10-ноябрда курчуган. Таиланддын премьер-министри жана ички иштер министри Анутхин Чанвиракун Камбоджа менен тынчтык келишимин убактылуу токтотконун билдирди. Ага чек арада эки тай аскеринин минага жарылуусу себеп болду.
8-декабрда Khaosod гезити Камбоджанын аскерлери Таиланд аймагындагы Анупонг базасына ок атканын жазды. Натыйжада бир тай аскери каза болуп, экөө жаракат алган. Таиланд армиясы чек арага жакын төрт провинциянын тургундарын коопсуз жайларга көчүүгө чакырды.
Reuters 9-декабрда чек ара боюнча бир нече аймакка жайылган куралдуу кагылышууларда жүздөгөн адамдар жабыркаганын кабарлады.
10-декабрда Таиланддын Аскер-деңиз күчтөрү Камбоджа менен чек ара аймагында флот жана аскердик учактардын катышуусу менен кеңири масштабдуу операция жүргүзө баштаганы айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















