Ош шаарында айыл чарба жарманкеси өтүүдө
Ош шаарынын Курманжан датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарында айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу калаа бийлиги билдирди.Кабарга ылайык, мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен жарманкеде азык-түлүктөр арзан баада сатылууда.
Жарманке ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү уюштурулууда. Ага Оштогу калган башкармалыктардан да дыйкан, фермерлер тартылууда.
Бул жарманке Курманжан датка аймактык башкармалыгында Абакир уулу көчөсү менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде, ал эми Манас-Ата аймактык башкармалыгында Салиева көчөсүндө өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















