АКШдагы Браун университетинде атышуу болуп, эки адам каза болду
АКШнын Род-Айленд штатындагы Провиденс шаарындагы Браун университетинде атылган октон кеминде эки адам каза болуп, тогуз адам жаракат алды.
ВВС жазгандай, ок атуу инженердик жана физикалык бөлүмдөрдүн биринчи кабатындагы класста болгон.
Университеттин президенти Кристина Пакссон окуу жайдагы атышууда каза болгондор студенттер экенин ырастады. Жаракат алгандардын ичинен алтоонун абалы орто оор. Дагы бири оор абалда болсо, экинчисинин абалы туруктуу, бир студентке медициналык жардам көрсөтүлүп, үйүнө чыгарылган.
Ал эми NBC телеканалы полиция окуяга шектүүнү кармаганын билдирди.
Браун университети Кошмо Штаттардагы эң престиждүү жеке менчик университеттердин бири жана Айви Лигасынын мүчөсү. Бул өлкөдөгү эң эски жогорку окуу жайлардын бири.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















