super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Президент катышкан “Мурас” футболдук турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды (тизме)

 

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири бүгүн, 14-декабрда жыйынтыкталды. Бул жылы турнирге ар кайсы мамлекеттик мекемелерден келген 16 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду "Аймактар" командасы ээлеп, 400 миң сом утуп алды. Экинчи орунга "Президенттин командасы" чыгып, 300 миң сом берилди. 200 миң сом байге алган “Ден соолук” командасы 3-орунду ээледи. Ал эми “Ыйман” командасы төртүнчү орунду алып, 100 миң сомдук сертификатка ээ болду.

Ошондой эле үч номинация боюнча турнирдин мыкты оюнчулары аныкталып, аларга 50 миң сомдук сертификаттар тапшырылды:

  • “Эң мыкты оюнчу” — Эрик Молдокулов (“Ыйман”).
  • “Эң мыкты чабуулчу” — Нурлан Турусбеков (“Ден соолук”).
  • “Эң мыкты дарбазачы” — Нурбек Алимов (“Аймактар”).

Президент бул турнир да калк арасында сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга, спортко болгон кызыгууну арттырууга, ошондой эле мамлекеттик мекемелер арасында өз ара түшүнүшүүнү жана биримдикти бекемдөөгө багытталганын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: