Бүгүн Бишкекте жаңы жылдык башкы балаты жандырылат
Бүгүн, 15-декабрда саат 18:30да Ала-Тоо борбордук аянтында Бишкек шаарынын башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу аземи өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара концерт менен коштолуп, ага белгилүү ырчылар келип өнөрлөрүн тартуулашат.
Айта кетсек, аянтта 1500 чарчы метрлик муз аянтчасы, соода жана тамак-аш дүкөнчөлөрү, этно-зона, мастер класстар өтүүчү жай, Аяз атанын үйлөрү, фотозоналар, оюн-зоок зонасы уюштурулду. Балатынын бийиктиги 32 метрге жетип, ал 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздолду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















