Бишкекте улгайган аялга кол салууга аракет кылган жаран кармалды (видео)
Социалдык тармактарда белгисиз эркек киши улгайган аялды ур-токмокко алууга аракет кылганы тартылган видео тарагандан кийин, окуя коомчулуктун кеңири талкуусуна түштү. Видео Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында шектүү жарандын өздүгү аныкталды. Ал 1989-жылы туулган Ч.С. аттуу жаран экени белгилүү болду. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык административдик протокол түзүлгөн.
Кармалган жаран Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үч суткага камакка алынды.
Бишкекте улгайган аялга кол салууга аракет кылган жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:53
2025-12-15
18:00
2025-12-15
14:59
2025-12-15
13:19
2025-12-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















