Бишкекте өз кызына зомбулук көрсөткөн жаран боюнча тергөө иши башталды (видео)
Кечээ, 14-декабрда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, мурдагы жолдошу алардын 2009-жылы туулган жашы жете элек кызына дене жаракаттарын келтирген.
Окуядан кийин кыз атасынын үйүнөн чыгып кеткен. Аталган факт Ленин РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналында каттоого алынып, тиешелүү тергөө иш-чаралары башталды. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Милиция жашы жете элек кызды таап, энесине өткөрүп берди.
Мындан тышкары, текшерүүнүн жүрүшүндө 1989-жылы туулган Т.А. аттуу жарандын аракеттеринде административдик укук бузуунун белгилери аныкталып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.
Интернет желесине буга чейин тараган видеодо аталган жаран кызына карата жаман сөздөрдү айтып, милиция кызматкерлеринин көзүнчө аялына кол салууга аракет кылган.
Бишкекте өз кызына зомбулук көрсөткөн жаран боюнча тергөө иши башталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















