Берлинде Зеленский АКШ өкүлдөрү менен тынчтык планын талкуулады
Германиянын Берлин шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын өкүлдөрү Стив Уиткофф жана Жаред Кушнер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр беш сааттан ашык убакытка созулуп, бүгүн, 15-декабрда улантылат. Негизги тема - АКШ сунуштаган тынчтык планы болду.
Батыш ММКлардын маалыматына караганда, Киев өз жообунда чыгыш аймактарындагы көзөмөлдү сактап калуу керектигин билдирген. Сүйлөшүүлөргө Украина тараптын катчысы Рустем Умеров да катышууда.
Мындан тышкары, жолугушууга Германиянын канцлери Фридрих Мерц катышып, кыска саламдашуудан кийин чыгып кеткен. Стив Уиткофф сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгонун билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-12-15
12:44
2025-12-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















