2025-жылы Яндекс Go жана анын өнөктөш-парктары менен айдоочуларынын кирешеси 22 миллиард сомдон ашты
Сервистин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында Яндекс Go аркылуу аткарылган буйрутмалардан өнөктөш-парктар жана алардын айдоочуларынын жалпы кирешеси 22 млрд сомдон ашты же болжол менен 250 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35%га көп.
Бул Яндекс Go сервисинин өнөктөш-парктардын жана алардын айдоочуларынын сый акысын (комиссиясын) алып салгандан кийинки жол жүрүүдөн тапкан кирешесинин суммасын камтыйт.
2025-жылдын январь–ноябрь айларында Яндекс Go сервисинде иштеген айдоочулардын саатына тапкан орточо кирешеси Кыргызстан боюнча 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9%га өскөн. Сервистин 2025-жылдын ноябрь айына карата маалыматына ылайык, өлкө боюнча Яндекс Go аркылуу күнүнө 8 сааттан, айына 22 күн линияга чыккан шартта - жол жүрүүнү аткарган айдоочунун орточо айлык кирешеси 85 миң сомдун тегерегинде болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















