Бишкекте "Атом" документалдык тасмасынын атайын көрсөтүүсү болуп өттү
2025-жылдын 12-декабрында Кыргыз-Россия Славян университетинде режиссёр Оливер Стоундун "Атом" документалдык тасмасынын атайын көрсөтүүсү болуп өттү. "Росатом" мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган иш-чарага 300дөн ашык студент катышып, илимий-агартуучулук иш-чаралардын циклын ачты.
Тасма белгилүү долбоорлорду талдоо принциби менен жаралган. Анда Россия, АКШ жана Франциянын көмүртектин көлөмүн азайтуу максатында кайра жаралуучу энергия булактарын атомдук станциялар менен айкалыштырып ийгиликтүү колдонгон мисалдары келтирилген. Студенттер Россиянын атомдук өнөр жайындагы уникалдуу объекттерди көрүп, дүйнөдөгү таанымал эксперттердин ой-пикирлерин укканга мүмкүнчүлүк алышты.
Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2022-жылы Венеция кинофестивалынын документалдык кино секциясында өткөн. Андан соң, тасма Өзбекстан, Кытай, Түркия, Монголия, Мьянма, Россия, Венгрия, Индия жана Бангладеште көрсөтүлгөн.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстан маанилүү энергетикалык чечимдерди кабыл алуу алдында турат. Келечектеги инженерлер, экологдор жана башкаруучу жаштар эски стереотиптерге эмес, өз пикирлерин факты жана илимий маалыматтарга таянып айта алышы биз үчүн абдан маанилүү. Оливер Стоундун тасмасы атомдук энергетика – экономиканы туруктуу өнүктүрүүнүн гана кепилдиги эмес, келечектеги муундар үчүн планетабызды сактоонун эң экологиялык жолу экенин ачык көрсөтөт",- деди Кыргыз Республикасындагы "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов.
Кыргыз-Россия Славян университетинин жаштар жана маалыматтык саясат боюнча проректору Станислав Куликов мындай жолугушуулар студенттерде чындап кызыгуу жаратарын жана аларды заманбап технологиялык багыттарды тереңирээк изилдөөгө шыктандырарын белгиледи.
"Бул документалдык тасма татаал жана көп кырдуу теманы камтыйт, бирок режиссер көрүүчүлөр менен ачык жана чынчыл сүйлөшүп, илимий талкууну кызыктуу баяндамага айландырат. Бүгүн зал толуп турган студенттердин кызыгуусу дагы “жашыл” энергетика жана келечектин технологиялары жаңы муун үчүн чындап маанилүү тема экенин көрсөтүп турат. Мындай сапаттуу мультимедиялык материал тынч атомдун дүйнөдөгү учурдагы ордун жакшыраак түшүнүүгө жардам берет",- деди проректор Станислав Куликов.
Ошондой эле, «Ледокол знаний» долбоорунун жеңүүчүсү Бермет Усенова да сөз сүйлөдү. Ал быйыл августта «Росатом» мамлекеттик корпорациясы уюштурган алтынчы эл аралык Арктика экспедициясына катышканын студенттерге айтып берди. Экспедицияда Бермет 21 өлкөнүн атынан келген 66 окуучудан түзүлгөн эл аралык команданын курамында Түндүк полюсуна жетишкен. Ал өз таасирлери менен бөлүшүп, арктикалык муз үстүндө марсоходдор менен луноходдорду сыноо жана башка илимий эксперименттер тууралуу айтып берди.
Иш-чара студенттердин тасма боюнча ой-пикирлерин бөлүшүү, аларды кызыктырган суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берген талкуу менен жыйынтыкталды.
Кыргыз-Россия кызматташтыгынын негизги багыты катары билим берүү жана атомдук тармак үчүн кадрларды даярдоого өзгөчө маани берилди. Азыркы учурда "Росатом" мамлекеттик корпорациясынын квоталары боюнча Орусиянын жогорку окуу жайларында 16 кыргызстандык студент окуйт. Улуттук изилдөөчү өзөктүк университети МИФИде (Москванын инженердик-физикалык институтунда) ар кандай адистик программалары боюнча 58 студент билим алып жатканы, алардын ичинен 8и ядро жана ага байланышкан тармактарды тандаганы айтылды. 2025/2026-окуу жылында Кыргызстандан келген абитуриенттер үчүн 7 жаңы квота бөлүнгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















