ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 15-декабрдан 21-декабрга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Аптада майда-чүйдө нерселерге алаксыбай, көңүлүңүздү олуттуу иштерге бурганыңыз оң. Жумушта жетекчилик тараптан жагымдуу бонус күтөт. Ошол эле учурда жаңы тапшырмалар жана жоопкерчилик жүктөлмөкчү. Мурда сиз кызмат көрсөткөн адамга жардам сурап кайрылышыңыз мүмкүн. Жеке жашоодо сезимдердин, эмоциянын жетегинде кетсеңиз, ката кетирип алышыңыз мүмкүн. Андыктан баарын жүрөк аркылуу эмес, акыл-эс менен чечкенге, анализдегенге аракет кылыңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Букачарлар үчүн эмоцияга, өзгөрүүлөргө бай апта өтөт. Мурда сизге такыр тиешеси жок сапаттар жаралып, өзүңүздү өзүңүз тааныбай таң каласыз. Терс ойлордон алыс качыңыз, болбосо “буга чейин эмне кылдым, эмнеге жеттим?” деген сыяктуу ойлорго чырмалып отуруп кантип стресске кабылганыңызды билбей каласыз. Жаныңыздагылардын катасын кайталабаганга аракет кылыңыз. Суукка урунуп калуудан сак болуңуз. Апта соңу жагымдуу жаңылыгы менен кубантат.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Аптада же өзүңүздүн, же башка адамдын кызыкчылыгын тандоо керек болот. Бирөөгө жагыш үчүн өзүңүздү артка жылдырасызбы, ойлонуп көрүңүз. Жумуш жаатында түйүндүү маселелер оң жагына чечилет. Чечилбей жатса коркпой, уялбай айланаңыздагылардан жардам сураңыз. Бул күндөрү достор менен жолугуу планын ишке ашырганыңыз оң. Болбосо кийин бир топко убакыт таппай каласыз. Үйдөгү жагдай сиздин маанайыңыздан, кыймыл-аракетиңизден көз каранды экенин унутпаңыз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү маалымат таратууда, сыр айтууда абайлаңыз, түшүнбөстүк жаралып сиз күнөөлүү болуп калышыңыз ыктымал. Аптанын экинчи жарымында сиз күтпөгөн адам сюрприз жасап кубантат. Жумушта өзүңүздүн да, башкалардын да жумушун аткарууга жетишесиз. Жеке жашоодо жакындарыңыздын камкордугунда, мээриминде убакыт өткөрөсүз. Дем алыш күндөрү үй жыйноо, базарга барып соода кылуу сыяктуу майда-чүйдө жумуштар менен өтөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Ден соолугуңузга кам көрүңүз, бул күндөрү инфекциялык ооруларга кабылып кыйналышыңыз мүмкүн. Спирт ичимдиктеринен алыс болуңуз, айрыкча жолдо жүргөн айдоочу болсоңуз. Аптада жумушуңузда туруктуулук сакталат, сиз күткөндөй алдыга жылыш күтүлбөйт. Андыктан убактыңызды өзүңүзгө, ден соолукка арнап, иммунитетти көтөргөнгө аракет кылыңыз. Бойдоктор жанында эле жүргөн адамдарга көз салганы туура, арасынан биринин сизге романтикалык сезимдери бар.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бийкечтерге бул аптада үйдөгү ошондой эле жумушта да тобокелчилик талап кылган чечимдерди чыгарбай туруу сунушталат. Жумушту алмаштыруу каалоосу жаралат. Көптөн бери кызыгып жүргөн сферадан ордуңузду табышыңыз күтүлөт. Жаңы таанышуулардын аркасы менен жаңы достор пайда болмокчу. Буга чейинки эмгегиңиздин арты менен каржылык жаатта жакшы пайда түшөт. Апта соңунда эс алууга атайын убакыт бөлбөсөңүз, жумуштан чыга албай калышыңыз мүмкүн.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Сиз үчүн эс алуу убактысы жакындоодо. Ага чейин пландалган иштерди кыска убакытта бүтүрүүгө болгон күчүңүздү жумшайсыз. Сапарга чыгуу планыңыз болсо коё туруңуз, айрыкча дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жолго чыкпоо сунушталат. Үйдө бир нерсени өзгөрткүңүз келет, радикалдуу нерсе жасабай туруңуз. Бирок үй жыйноо, керексиз буюм-тайымдан арылуу жок эле дегенде телефондогу керексиз нерселерди тазаласаңыз болот. Дем алышта массажга барыңыз, организм рахмат айтат.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндарда мүмкүнчүлүктөрдүн терезеси ачылат, андыктан жумушта да, жеке жашоодо да жаңы тепкичке көтөрүлүүгө даяр болуңуз. Анан да окуйм, үйрөнөм деп тургандардын иши илгерилейт. Сизди курчап турган адамдарга бир аз жумшак мамиле кылуу сунушталат. Жакын адамдарыңыздын бири купуя сыры менен бөлүшөт. Финансылык жаатта корректировка киргизип, зарыл кереги жок сатып алууларды тизмеден чийип салыңыз. Эс алуу күндөрү жагымдуу маанайда өтөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Кызыктуу апта күтөт. Жаңы таанышуулар, өзгөчө атмосферада жолугушуулар болмокчу. Сиздин жашоо образыңыздан кескин айырмаланган адамдардын айлампасына кошуласыз. Каржы маселелер чечилет, туруктуу жана жаңы булактардан акча түшүүсү күтүлөт. Аласа-бересе иштерин бүтүрсөңүз, ашыкчасын сактаганга, көбөйткөнгө аракет кылыңыз. Аптанын экинчи жарымында убактыңыз күнүмдүк иштерден бошобой жатып эле өтүп кетет. Өзүңүзгө убакыт таппай каласыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Өз кызыкчылыгыңызды коргоо үчүн агрессивдүү иш-аракет кылууга туура келиши мүмкүн. Айрыкча жумуш талаасында конфликт чыгуу ыктымалдуулугу бар, жасаган ишиңизге кылдат жана жоопкерчиликтүү болуңуз. Жеке жашоодо – үй-бүлөдө эч кандай коркунуч жок, сиз ишене, таяна турган аймак. Аптанын экинчи жарымында кырдаал позитивдүү маанайга өтөт, достор менен жакшы нерсе башташыңыз мүмкүн. Бойдоктор, айрым адамдардын сизге карата активдүүлүгүн байкайсыз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Коомдук иш-аракеттер үчүн ийгиликтүү апта. Өзүңүздөгү энергиянын толкунун сезесиз, активдүү, демилгечи болуп чыга келесиз. Өзгөчө аптанын биринчи жарымы романтикалык жагдайлары менен эсте калат. Сүйүү сезимдерин ачыктагысы келип жүргөндөр, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Бир туугандардын талаш жараткан маселесине аралашууңуз керек болот. Аптанын экинчи жарымында ден соолукка кам көрүү сунушталат, анан да тамак-аш рационуңузгө көңүл буруу керек.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Үй-бүлөгө, айрыкча ата-энеге кам көрүү биринчи планга чыгат. Анан да кыймылсыз мүлккө байланыштуу иштер менен алек болосуз. Майда жаракат алуу коркунучу бар, кыймыл-аракетиңизге көз салып, олдоксондуктун алдын алуу керек. Чыгармачылык тармакта эмгектенгендерге эргүү келет. Түшүңүздөн аян берилиши мүмкүн. Сизден кайрымдуулук талап кылган жагдай чыкса, жардам колун сунганга аракет кылыңыз. Дем алышта үйдө тынч эс алуу сунушталат.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















