АКШдагы университетте ок атуудан каза болгон эки студенттин бири өзбекстандык экени аныкталды
АКШнын Браун университетиндеги ок атуудан каза болгон эки студенттин бири Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Каргашалуу окуяга байланыштуу окуянын кесепетинен каза болгон студент Мухаммад-Азиз Умурзоковдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз",- деп билдирди Өзбекстан ТИМинин басма сөз кызматынын жетексичи Ахрор Бурханов.
Окуя инженердик жана физикалык бөлүмдөрдүн биринчи кабатындагы класста болгон. Анда куралчан киши эки жаранды атып өлтүрүп, дагы 10дой адамды жарадар кылган.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп атышуудан кабардар экенин айтып, Федералдык укук коргоо органдары жергиликтүү укук коргоо органдарына жардам берүү үчүн кошулганын билдирген.
Белгилей кетсек, кечээ 14-декабрда аталган окуу жайда ок атуу болуп, эки адам каза болгону кабарланган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















