Кыргыз көк бөрүчүлөрүнө Ооганстанда өзгөчө сый көрсөтүлүүдө (видео)
Кыргыз көк бөрүчүлөрү Манас Ниязов, Өмүрбек Эсен уулу, Рустам Тыналиев, Кубаныч Султан уулу, Дастан Русланов, Исхак Бекболот уулу, Аскат Аскаров, Бекказы Токтогулов учурда Ооганстанда ат оюндарын көрсөтүп жүрүшөт.
Жергиликтүү телеканалдардын биринен улакчы Манас Ниязов менен Өмүрбек Эсен уулуна сый көрсөтүлүп жатканы тартылган видео тарады. Анда улакчаларга улуттук чапан жабылып, алардын жергиликтүү тургундар менен баарлашып жатканын көрүүгө болот.
Көк бөрү федерациясы билдиргендей, бул алака эки элдин улуттук оюндар аркылуу мамилесин чыңдоого шарт түзөт.
Кыргыз көк бөрүчүлөрүнө Ооганстанда өзгөчө сый көрсөтүлүүдө
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















