super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кар жиреп мектепке барган окуучу президенттик балатыга чакырылды (видео)

 
Кар жиреп мектепке барган окуучу президенттик балатыга чакырылды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, кыйынчылыктарга карабай мектепке барган 4-класстын окуучусуна мамлекет башчысынын атынан белек даярдалууда.
"Президент видеону көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду. Мындай өжөр жана шыктуу балдар өзгөчө колдоого татыктуу экенин белгилеп, аны президенттик балатыга чакыргыла деп тапшырма берди",- деп жазган Орунбеков.
Нурзаман Алмазбеков Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы Айдың-Көл башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу. Алты бир туугандын төртүнчүсү. Атасы Алмаз 39 жашта, апасы Жумагүл 38 жашта, экөө тең үй чарбасы менен алек. Нурзаман мектептеги алдыңкы окуучулардын бири, математика жана кыргыз адабияты сабагына көп көңүл бурат. Ошондой эле сүрөт тартууга, спорттун футбол түрүнө шыктуу экени айтылды.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда белинен келген карды жиреп мектепке бара жаткан баланын видеосу тараган.





Кар жиреп мектепке барган окуучу президенттик балатыга чакырылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: