super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Рюити Хиранону кабыл алды

 

Бүгүн, 15-декабрда президент Садыр Жапаров Япониянын Кыргызстандагы элчиси Рюити Хиранону Ишеним грамотасын тапшыруусуна байланыштуу кабыл алып, аны өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташуу жылдарында бекем жана натыйжалуу формат түзүлгөнүн айтты. Узак мөөнөттүү демилгелер ишке ашырылууда, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу байланыштар өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттарын дайыма кеңейтүүгө жана жаңылоого мүмкүндүк берүүдө. Ошондой эле элчинин ишмердүүлүгү кыргыз-япон алакаларын мындан ары тереңдетүүгө жана өз ара пайдалуу жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Рюити Хирано президентке Япониянын императору Нарухитонун жана премьер-министри Санаэ Такаитинин атынан жылуу салам жолдоп, алардын жакынкы аралыкта мамлекет башчысын Японияга сапар менен кабыл алууга даяр экендиктерин баса белгиледи. Ошондой эле ал эки өлкөнүн жетекчилигинин активдүү өз ара аракеттенүүсү жана колдоосу менен жакынкы келечекте япон-кыргыз кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп, жаңы мазмунга толот деп белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: