Атазов менен унаада сүйлөшүп отурган жаран массалык баш аламандыкка айыпталууда (видео)
Бишкек шаарында жыйындарды уюштуруп, мамлекеттик саясатка каршы үгүт жүргүзүү аркылуу массалык баш аламандыктарга чакырыктарды жасоого аракет кылган жаран аныкталган. Бул туурлауу бүгүн, 15-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш боюнча 1971-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран шектүү катары кармалган. Тинтүү учурунда анын үйүнөн жана Toyota 4 Runner үлгүсүндөгү унаасынан уюлдук телефондор, SIM-карталар, документтер, кол жазмалар, араб тилиндеги китептер, рациялар жана тергөө үчүн маанилүү башка буюмдар алынган.
Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 13-декабрда ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 5-январга чейин камакка алуу чарасы тандалды.
Учурда тергөө иш-чаралары уланууда.
ИИМ тараткан видеодон кармалган жаран Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Шайлообек Атазов менен шайлоо, саясий кырдаал тууралуу сүйлөшүп отурганын байкоого болот.
Буга чейин Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен бир нече адам кармалганын кабарлаган.
Айта кетсек, 22-ноябрда айрым саясатчылардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, айрым саясатчылар кармалганы белгилүү болгон. Алгач Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Facebook баракчасында милиция кызматкерлери үйүнө кирип келишкенин билдирип, видео жарыялаган. Бирок ал көп өтпөй эле видеону өчүрүп салган. Ал арада Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү маалым болгон.
Ал баш болгон 10 адам 17-январга чейин камакка алынды.
Атазов менен унаада сүйлөшүп отурган жаран массалык баш аламандыкка айыпталууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео















