Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды
Бүгүн, 15-декабрда саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Айбек Маткеримов саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бакытбек Кадыралиев жана Рыспек Сыдыгалиев саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп дайындалышты.
Эскерте кетсек, жакында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматтан алынып, анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Досмамбетов дайындалган. Досмамбетов буга чейин УКМКнын Жалал-Абаддагы башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:22
2025-12-15
14:19
2025-12-15
13:49
2025-12-15
15:49
2025-12-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















