super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тарыхый "Кара кыргыз" тасмасы жакында көрүүчүлөргө көрсөтүлөт 

 
Тарыхый "Кара кыргыз" сериалы 27-декабрдан тартып көрүүчүлөргө сунушталат. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган тасма онлайн көрсөтүлөт.
"Сериал 1917-1924-жылдардагы татаал тарыхый доорду чагылдырып, Үркүндөн кийинки кыргыз элинин тагдыры, бийлик боштугу жана улуттук мамлекеттүүлүк үчүн күрөштү баяндайт. Окуя 16 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун тагдыры аркылуу өөрчүп, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков сыяктуу тарыхый инсандардын эл үчүн жүргүзгөн күрөшүн камтыйт",- деп билдирди министрлик.
Долбоор "Кыргызсериал" мамлекеттик мекемесинин каржылоосу менен "АРНА" продакшн тарабынан ишке ашырылган. Биринчи сезондо 4 серия көрүүчүлөргө тартууланат. Тасманын режиссёру Сүйүн Откеев, ал эми башкы продюсери Жеңишгүл Өзүбекова.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: