super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Министр болгон мурдагы чекисттин орун басары болуп мурдагы депутат дайындалды. Ал ким?

 

Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары болуп Айбек Маткеримов дайындалды.

Маткеримов Жогорку Кеңештин Vll чакырылышына "Ата Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Ал 1980-жылы 11-ноябрда Жалал-Абад шаарында туулган.

Жогорку билимдүү. 2005-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын жана 2023-жылы Токтомаматов атындагы Эл аралык университетин аяктаган. 2024-жылы Орусиянын президентине караштуу Орусия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын жетекчилер үчүн мамлекеттик башкаруунун чебери адистигин бүтүргөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук коомдук саламатттыкты сактоо институтунун медицина-социалдык изилдөөлөр секторунун аспиранты.

Эмгек жолу:

  • 2005-2007-жылдары Ош шаардык перинаталдык борборунда клиникалык ординатор;
  • 2007-2011-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн акушер-гинеколог дарыгери;
  • 2007-2012-жылдары ОшМУнун Медициналык колледжинин окутуучусу;
  • 2012-2014- жылдары ОшМУнун Медициналык факультетинин окутуучусу;
  • 2011-2013-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн төрөт бөлүмүнүн башчысы;
  • 2013-2014-жылдары Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары;
  • 2014-2015-жылдары Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө акушер-гинеколог дарыгери;
  • 2015-жылдан 2021-жылдын 17-декабрына чейин Жолдошев атындагы Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы;
  • 2019-2020-жылдары Жалал-Абад облустук төрөткө көмөктөшүү чаралар боюнча координатору;
  • 2016-жылдан 2020-жылга чейин Барпы айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2021-жылдын февраль айынын баштап "Ата Журт-Кыргызстан" саясий партиясынын төрагасы.

Ачык булактардагы маалыматтарга таянсак, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери. Саламаттык сактоонун "Ардактуу кызматкери", "Билим берүүнүн мыктысы", "Финансы-экономикалык иштин отличниги", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги" төш белгилери менен сыйланган. Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Белгилей кетсек, жакында саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматтан алынып, анын ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп Каныбек Досмамбетов дайындалган. Досмамбетов буга чейин УКМКнын Жалал-Абаддагы башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: