super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жарандык активист Азамат Марипов алты жылга эркинен ажыратылды

 

Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Азамат Марипов 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, 6-октябрдагы соттун өкүмү менен ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүндө (Массалык баш аламандыктар), 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза белгиленди.

Белгилей кетсек, Азамат Марипов Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Кудрет Тайчабаровдун иниси. Ал былтыр апрель айынын башында бейбаштыкка шектелип кармалган "Мекенчил" партиясынын өкүлдөрүнүн арасында болгон. Кармалган 6 адам, анын ичинде Марипов дагы былтыр 10-сентябрда Ленин райондук соту тарабынан акталган.

Ал эми Тайчабаров уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгон деп жакында кармалып, ушул эле райондук сот тарабынан 30-декабрга чейин камакка алынды.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: