Кыргыз илимине, маданиятына салым кошкон орус чыгаандары...
Азыркы заманбап Кыргызстандын тарыхын, маданиятын, өнүгүү этаптарын ошол учурдун чыгаан инсандары: илимдин, маданияттын, технологиянын көрүнүктүү өкүлдөрүсүз элестетүү кыйын. Алар – мезгилдин сыймыктуу каармандары. Ак эмгек, маңдай тери менен артына өчпөс из калтырып кетишти. Билгендер маалыматын бекемдеп, билбегендер болсо биле жүрүшкөнү жакшы. Макалада алардын айрымдарынын кыскача өмүр баянына орун берилди.

Алимов Олег Дмитриевич – тоо кен тармагын алдыга сүрөгөн таланттуу адис
Белгилүү советтик окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Олег Алимов – Кыргыз илимдер академиясынын академиги, Кыргызстанда тоо кен илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандардын бири. Монографияларын кошо санаганда 300дөн ашык илимий эмгектин, 90 ойлоп табуунун автору болуп эсептелет. Бургулоочу машиналардын конструкциясынын рационалдуу параметрлерин негиздеген окумуштуу. Тоо породаларын бузуу процессине, тоо кен машиналарын түзүүгө, тоо иштерин механизациялаштырууга илимий негиз иштеп чыгууга олуттуу салым кошкону белгилүү. 70-жылдары анын Кыргыз кесиптештери менен чогуу иштеп чыккан бургулоочу түзүмү “Луна-24” долбоорунда колдонулуп, Айдын бетинен Жерге топурак алып келүүгө көмөктөшкөн.
Олег Алимов 1923-жылы Новосибирск шаарында төрөлгөн. 1949-жылы Томск политехникалык институтун бүтүрүп, аталган окуу жайда окутуучу, кафедра башчысы болуп эмгектенген. 1959-жылы физика-математика илимдеринин доктору илимий наамына ээ болсо, 1962-жылы профессор наамын алган. 1965-жылдан 1992-жылга чейин Кыргыз ССРинин Илимдер академиясында эмгектенген. Башында академиянын мүчө-корреспонденти болсо, 1970-жылы ага академик наамы ыйгарылган. Кыргыз илимдер академиясынын Тоо тектердин физикасы жана механикасы институтунда лаборатория башчысы, Автоматика институтунун башчысы, 1974-жылы Илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы, 1978-жылы академиянын вице-президенти, академиянын президентинин милдетин аткаруучу болгон. СССРдин жана Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон. 1992-жылы СССР урагандан кийин Кемерового кайтып барып, 2003-жылы аталган шаарда көз жумган.
Алимов өз ишмердүүлүгүндө илимдин 12 докторун жана 100 кандидатын даярдаган.

Мануйлова Ольга Максимилиановна – советтик доордун мыкты скульптору
Таланттуу скульптор, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Ольга Мануйлова 1893-жылы Нижний Новгороддо жарык дүйнөгө келген. 1913-жылы Мюнхенде жеке көркөм студиядан билим алса, 1913-17-жылдары Москва живопись окуу жайында окуганы белгилүү. 1939-жылдан тарта Кыргызстанда монументтик-декоративдик скульптура чебери катары иштеп баштаган. Эмгектери: Прокуратура үйүндөгү “Советтик Конституция” барельефи (1941), генерал Иван Панфиловдун эстелиги (1942), Кыргыз опера жана балет театрындагы декоративдик топ (1955), Тоголок Молдо эстелиги (1963), космонавт Владимир Комаровдун эстелиги (1969) жана башкалар. Ольга Мануйловага Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү наамы ыйгарылган. Ал 1984-жылы 26-январда, 91 жашында Фрунзеде каза болгон.
Скульптордун жаркын элесине арнап 1982-жылы атактуу кинорежиссёр Төлөмүш Океев “Скульптор Ольга Мануйлова” аттуу документалдык тасма тарткан. 2000-жылы Бишкекте Ольга Мануйлованын мемориалдык үй-музейи ачылган, дареги: Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү, 108. Бул үйдө Мануйлова 1948-1984-жылдары жашаган. Музейде скульптордун 50гө жакын эмгектери, үй-бүлөлүк сүрөттөрү, окуган китептери жана документтер коюлган.

Михаил Васильевич Фрунзе – 6 тилди, анын ичинде кыргыз тилин билген аскер башчы
Аскердик жана саясий ишмер Михаил Фрунзе 1885-жылы мурдагы Пишпек, азыркы Бишкек шаарында төрөлгөн. Тарыхый маалыматтарда анын чөлкөмдө советтик бийликтин орношуна, Кыргыз АССРин түзүүгө олуттуу салым кошкон инсандардын бири болгону баса белгиленет. Анын жетекчилиги астында Кызыл армия аймакта советтик башкарууну ишке ашырууда таасирдүү роль ойногон. Расмий маалыматтарга таянсак, Михаил Фрунзе таланттуу аскер башчы гана эмес, полиглот дагы болгон. Ал 6 тилди билген: англис, француз, швед, татар, немис жана кыргыз тили. Кыргыз тилин билүүгө анын Кыргыз жеринде төрөлүп-өскөнү да себеп экени белгилүү. Ошондой эле Михаил Фрунзе Кыргыз АССРин түзүүнү колдогон, Москвадагы жыйындардын биринде ал “кыргыздар – бул өз тили бар өзүнчө эл” деп баса белгилегени айтылып келет. Ушундан улам Кыргыздын көз карандысыздыгынын башатында Михаил Фрунзенин түздөн-түз болбосо да, кыйыр түрдө салымы болгон дешет тарыхчылар. 1926-жылы Пишпек шаарына Фрунзенин ысымы берилип, борбор шаар Кыргызстан эгемендикке ээ болгон 1991-жылга чейин анын ысымын алып жүргөн.

Михаил Николаевич Лущихин – зоотехника тармагына эмгеги сиңген адис
Зоотехника тармагы боюнча советтик жана кыргыз окумуштуусу Михаил Лущихин 1905-жылы 14-ноябрда Орусия империясынын Москва губерниясында төрөлгөн. Педагогикалык окуу жайды аяктаган соң мугалим болуп иштеп, кийин жогорку билим алууну улантууну чечет. Москва зоотехникалык институтуна тапшырып, 1930-жылы аны ийгиликтүү аяктаган. Окуу жайды аяктагандан кийин анын тагдыры Орто Азия менен байланышат. 1931-жылдан баштап Лущихин Ташкенттеги жана Фрунзедеги орто азиялык ири кой чарбасында иштеген. 1935-жылдан 1953-жылга чейин Кыргыз айыл чарба институтунда жеке зоотехника кафедрасынын башчысы кызматын аркалаган. Аталган жумушу менен бирге 1954-1964-жылдары Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын Зоология институтунда жаныбарлардын генетикасы жана морфологиясы лабораториясын башкарып турган. 1964-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз илимдер академиясынын Биохимия жана физиология институтунда жаныбарлардын генетикасы жана морфологиясы лабораториясынын башчысы болуп эмгек өтөгөн. Илимпоз 1978-жылы 5-майда дүйнө салган.

Борисов Сергей Никитович – мезгилдин чыгаан актёру
Белгилүү орусиялык актёр Сергей Борисов 1922-жылы 18-октябрда азыркы Орусиянын Алтай аймагында жарык дүйнөгө келген. Эмгек жолун 1938-жылы баштайт. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кемеров облусунун Прокопьевск шаарында шахтада иштеген. 1945-жылдан тарта Прокопьевск, Кемеров, Новокузнецк, Чита театрларында артист болуп эмгектенет. 1959-жылы Фрунзе шаарына, Надежда Крупская атындагы мамлекеттик орус драма театрына чакырылат. Азыркы учурда аталган театр улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын алып жүрөт. Жалпы театрдагы ишмердүүлүгүндө Сергей Борисов 150дөн ашык роль ойногон. Мисалы, Мар Байжиевдин “Акыркы каттам” спектаклинде таң калычтуу жүргүнчүнүн образын жараткан. Акыркы ролун 2010-жылдын 9-октябрында “Любовь придумали русские” спектаклинде ойногону маалым. Сергей Борисов көркөм тасмаларга да тартылган, алардын бири – Болот Шамшиевдин “Бөрү зындан” тасмасы. Борисовго 1998-жылы “Даңк” медалы берилсе, 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган. 2010-жылы 13-октябрда Бишкек шаарында дүйнө салган.
“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” демекчи, жогоруда аты аталган инсандарды жаш муун, келечектин урпактары биле жүрсүн деген тилек. Азыркы заманбап, ыңгайлуу жашообузда ушул инсандар сыяктуу мыкты адистердин салымы, үлүшү бар экени түшүнүктүү.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















