super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Өкмөт башчы инвестициянын көлөмү өскөнүн айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Инвестициялык багыт: мамлекет жана бизнес" форумуна катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, өкмөт башчы анда өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларга кыскача токтолуп, акыркы беш жылда Кыргызстандын ички дүң продукциясы дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн, быйылкы жылдын 11 айында ички дүң продукциянын өсүшү 10,2 пайызды түзгөнүн белгилеген.

"Кандай гана мамлекет болбосун инвестиция мамлекет үчүн экономикалык өсүштүн, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн негизги булагы. Азыркы кырдаалда убакыт инвестордун негизги капиталы болсо, өлкө ичиндеги туруктуулук мамлекеттин жана бизнестин ийгиликтеринин ачкычы.

Ошол эле учурда стратегиялуу инвестиция бул келечектин перспективалуу ишенимдүү жолу. Биздин өлкөдө инвестициянын туруктуу өсүшү байкалууда. Бул Кыргызстан жагымдуу инвестициялык өлкөгө айланып баратканын тастыктайт. Белгилей кетсек, 2021-2024-жылдар аралыгында түз инвестициянын орточо жылдык көлөмү 1995-2020-жылдарга салыштырмалуу 140 пайыздан ашык өскөн", - деген ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле жакында кол коюлган өлкө башчысынын "Кыргызстан президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин статусун жогорулатуу жана ролун күчөтүү жөнүндө" жарлыгын эске салып, бул инвестициялык ишти стратегиялык багытта ыкчам жылдырууга жаңы дем берерин кошумчалаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: