Бишкек–Ош унаа жолунда кулаган таштар тазаланды
Бишкек–Ош унаа жолунда тоо боорунан кулаган таштар тазаланып, эки тараптуу жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-декабрь, саат 08:00 чамасында аталган унаа жолундагы 427–451-чакырымдар аралыгында таш кулап, бир унаанын алдыңкы бөлүгү жабыркаган.
Жабыркаган унаа камсыздандырылган. Анын чыгымдары камсыздандыруу компаниясы тарабынан төлөнүп берилери маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















