super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Транспорт министрлиги жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирди

 
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатканын кабарлады.
Министрлик Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатканын белгилейт.
"Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында буга чейин оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Азыркы тапта кар жаап жатат, жол тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана инерттик материал чачуу иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө. Ал эми Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда жол ачык, чектөө жок.
Ошондой эле Казарман–Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Жарандар үчүн альтернативдүү каттам", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: