Кара-Сууда күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендер кармалышты
Кара-Суу районунда күчтүү таасир этүүчү заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаада белгисиз жарандар баңгизатына жана анын аналогдоруна окшогон шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары кармалган 30 жаштагы 2 жаран жана 24 жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Алардын жанынан 313 даана “Тропикамид” аталышындагы ар бир даанасы 10 миллиграммды түзгөн күчтүү таасир этүүчү затка окшош буюмдар табылган. Алынган шектүү заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:00
2025-12-15
14:59
2025-12-15
13:19
2025-12-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















