Бишкек мэри жаңы жылдык балатыны жандыруу иш-чарасында шаардыктарды куттуктады
Бүгүн, 15-декабрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы башкы жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.
Балатыны жандыруу концерттик программа менен коштолуп, келген конокторду калаа мэри Айбек Жунушалиев куттуктады.
"Көз жоосун алган жаңы жылдык балатыбыздын жарыгы шаарыбызды өзгөчө кооздукка бөлөп, ар бир калаа тургунуна жана коногубузга жылуулук, кубаныч тартууласын.
Жаңы жыл жаңы үмүттөрдүн, таза тилектердин, келечекке койгон биздин чоң максаттарыбыздын майрамы болсун. Өз сапарын карытып бара жаткан 2025-жыл шаарыбыз үчүн жемиштүү, жигердүү иштердин жылы болду", - деген Жунушалиев борбордо бир катар социалдык объектилер курулганын кошумчалай кетти.
Бишкек мэри шаардыктарды куттуктады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















