Бишкекте жаңы жылдык балатыны жандыруу иш-чарасы болду
Бүгүн 15-декабрда Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы башкы жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.
Балатыны жандыруу иш-чарасына катышкан калаа мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундарын куттуктады.
"Көз жоосун алган жаңы жылдык балатыбыздын жарыгы шаарыбызды өзгөчө кооздукка бөлөп, ар бир калаа тургунуна жана коногубузга жылуулук, кубаныч тартууласын. Жаңы жыл жаңы үмүттөрдүн, таза тилектердин, келечекке койгон биздин чоң максаттарыбыздын майрамы болсун" , - деди ал.
Ошондой эле иш-чара концерттик программа менен коштолуп, ага белгилүү ырчылар катышышты.
Айта кетсек, балатынын бийиктиги 32 метр, чокусундагы жылдызы менен 35 метрге жетет. Аны 7 миңдей көк жана күмүш түстүү оюнчуктар менен кооздошту. Шаар тургундары жана коноктор үчүн муз тебүүчү аянтча жасалды.
Ошондой эле жаңы жылдык үйлөр, фудкорт жана фотозоналар коноктор үчүн эшигин ачты. Иш чарага белгилүү ырчылар келип, шаар тургундарына майрам тартуулашууда.
Бишкекте жаңы жылдык балатыны жандыруу иш-чарасы болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















