super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таиланд Камбоджа менен чек арада ок атышууну токтотуунун шарттарын атады

 

Эгерде Пномпень Бангкоктун үч талабын аткарса, Таиланд Камбоджа менен ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу брифингде Таиланддын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Никондет Пхалангкун билдирди.

"Биринчиден, Камбоджа ок атышууну токтотууну эл алдында жарыялоосу керек. Экинчиден, ок атышпоо келишими аткарылып, сакталышы керек. Үчүнчүдөн, Камбоджа миналардан тазалоо иштерине олуттуу түрдө катышуусу керек", - деп келтиришет анын сөздөрүн чет элдик басылмалар.

8-декабрда Khaosod гезити Камбоджанын аскерлери Таиланд аймагындагы Анупонг базасына ок атканын жазды. Натыйжада бир тай аскери каза болуп, экөө жаракат алган. Таиланд армиясы чек арага жакын төрт провинциянын тургундарын коопсуз жайларга көчүүгө чакырды.

Reuters 9-декабрда чек ара боюнча бир нече аймакка жайылган куралдуу кагылышуулар жүздөгөн адамдарды жабыркатканын кабарлады. Акыркы маалыматтарга караганда, Таиланд тараптан жаракат алгандардын саны 29 адамга жетти.

10-декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Камбоджа менен Таиланддын ортосундагы кырдаалды жөнгө салууга кайрадан кийлигишүүгө даяр экенин билдирди. Ал буга чейин да эки мамлекеттин ортосундагы чыңалууну токтотууда роль ойногон.



Источник: super.kg маалымат-маанайшат порталы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: