super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камактагы Шайлообек Атазовдун жактоочусунун каты жарыяланды

 
Бүгүн, 15-декбарда камакта жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазовдун Facebook баракчасына анын жактоочусу жазган кат жарыяланды.
Катты жактоочу саясатчынын айткандарына таянып жазган. Анда Атазов кармалган күнү убактылуу кармоочу жайдын жер төлөсүнө киргизилгени, ден соолугуна зыян келтирилип, ырайымсыз мамиле 12 күнгө созулганы айтылат. Саясатчы учурда СИЗО-1де бир камерада 20 адам менен чогуу отурганы, ага ар түрдүү кысым болуп, Конституциялык укуктары чектелип жатканы белгиленген.
"Эч ким менен баш аламандык тууралуу сүйлөшкөн эмесмин. Мага карата коюлуп жаткан айыптардан коркпойм! Себеби мен Кудайдын, элдин алдында акмын!" деди Атазов", - деп жазылган катта.
Эске салсак, 22-ноябрда Шайлообек Атазов Facebook баракчасында милиция кызматкерлери үйүнө кирип келишкенин билдирип, видео жарыялаган. Бирок ал көп өтпөй эле видеону өчүрүп салган. Ал арада Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнү маалым болгон.

Көп өтпөй ИИМ Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен бир нече адам кармалганын кабарлаган.
25-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту 10 адам 17-январга чейин камакка алынганын билдирген. Алардын арасында арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Жогору Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдер бар болчу.
Райондук сот аларга Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка даярдык көрүү", "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү", "Массалык баш аламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алуу" беренелери боюнча айыпталып жатышканын тактаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: