super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кызматынан кол жууган министр мас абалында унаа башкарган

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бүгүн эле кызматынан алынган илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов мас абалында унаа башкарып бара жатканда кармалганын тастыктады.

Башкармалык бүгүн, 15-декабрда болжол менен саат 01:40 чамаларында жол тескөөчүлөр тарабынан ал Кой-Таш айылында Toyota Camry үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатканда токтотулганын белгиледи. Ал Бишкек шаарынын борбордук наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өтүп, спирттик ичимдигин ичип алганы аныкталган.
Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексин 193-беренесинин негизинде протокол түзүлүп, унаасы айып короого киргизилген.
Буга чейин Социалдык тармактарда Бактияр Орозовго окшогон адам тартылган видео тараган. Анда анын наркология бөлүмүндө текшерүүдөн өтүп жатканын көрүүгө болот.

Айта кетсек, министр бүгүн эле кызматтан алынды. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасынын талаптарын сактабагандыгына байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: