Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары кулчулуктан бошотулду
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын жарандары кулчулуктан бошотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМине караштуу "Дунё" маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жабырлануучуларга Таиланддан иш убадаланып, бирок Мьянмада алдамчылык менен байланышкан колл-борбордо иштөөгө мажбурлашкан. Баш тарткандарга физикалык зомбулук көрсөтүлүп, коркутуулар болгон.
Кулчулукка кабылган Өбекстандын жарандары Бангкок шаарындагы өлкөнүн башкы консулуна кайрылышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө Казакстан жана Кыргызстандын да жарандары кармалып турганы аныкталган.
"Таиландда Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү жок болгондугуна байланыштуу, Кыргыз жаранын мекенине кайтарууга Өзбекстан менен Казакстандын дипломаттары көмөк көрсөткөн. Мьянма менен Таиланддагы тиешелүү органдар менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык жарандар бошотулуп, Таиланддагы Маесот чек ара бекетине өткөрүлүп берилген. Алар убактылуу турак жай жана тамак-аш менен камсыздалган. Натыйжада үч мамлекеттин жарандары өз мекенине ийгиликтүү кайтарылды",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, октябрда Мьянма жана Камбоджа өлкөлөрүндө өткөрүлгөн рейддердин жүрүшүндө 3500гө жакын адам кулчулук шартындагы мыйзамсыз кармоодон бошотулду. Алардын арасында КМШ өлкөлөрүнөн жана Орусиядан барган 100дөн ашуун жаран бар экени да маалымдалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















