super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жетекчилердин кызматкерлерден белек алуусуна тыюу салынды 

 
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кызматкерлеринен белек алуусуна чектөө киргизилгенин билдирген. Анын билдирүүсүн президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасында бөлүштү.
Анда Адылбек Касымалиев жыл сайын мамлекеттик органдар менен министрликтерде жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралар өткөрүлүп келгенин жана алар ашыкча чыгымдар менен коштолгонун белгилеген.
"Кызматкерлер жетекчилерине белек берип, корзина ташып убара болушчу. Ушул көрүнүштөрдү эске алып, быйыл жаңы жылдык корпоративдерге жана мамлекеттик кызмат жетекчилеринин өзүнүн кызматкерлеринен, кол алдындагыларынан баалуу белектерди алуусуна чектөө киргиздик.
Бирок айрым жетекчилер бул чектөөнү туура эмес түшүнүп, балдарга арналган жаңы жылдык иш-чараларды да өткөрбөгүлө деп жатышыптыр. Балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт",- деген өкмөт башчы.
Ошондой эле коюлган чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү экени кошумчаланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: