Чүйдө уурулукка шектелген чет мамлекеттин жараны кармалды (видео)
Чүй облусунун Аламүдүн районунда жеке менчик дүкөнгө уурулук жасоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 27-ноябрда белгисиз адам Таш-Дөбө айылындагы дүкөнгө терезе аркылуу кирип, 25 миң сом акча каражатын жана 200 миң сомдон ашык баадагы тамеки буюмдарын уурдап кеткен.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип, чет мамлекеттин 1966-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Е.С. аттуу жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Райондук соттун чечими менен ага карата эки айга камакка алуу чарасы тандалды.
Учурда шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип, тергөө иштери улантылууда.
Чүйдө уурулукка шектелген чет мамлекеттин жараны кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:41
2025-12-16
16:32
2025-12-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















