super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кеминде мас болуп унаа башкарып, аялы менен жаңжалдашкан жаран аныкталды

 

Чүй облусунун Кемин районунда мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Блогер Эртай Исаков социалдык тармактарга мас абалында унаа башкарып жүргөн, аялына зомбулук кылган айдоочу боюнча билдирүү таратты. Ал боюнча текшерүү жүргүзүлүп, окуяга Кемин шаарынын тургуну, 1992-жылы туулган С.А. аттуу жарандын катыштыгы бар экени аныкталды.

Медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгында айдоочунун мас абалында болгону тастыкталып, Mercedes S-Class үлгүсүндөгү унаа айып короого токтотулду. Айдоочулук күбөлүгү жана унаанын документтери алынып, материалдар сотко өткөрүү үчүн тийиштүү кызматка жөнөтүлдү.

Ал эми айдоочу менен аялынын жаңжалы үй-бүлөлүк тиричилик негизде чыккандыгы, физикалык күч колдонуу фактылары болбогондугу аныкталды. Жубайы доо арыз жазуудан баш тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: