Жемкорлукка шектелип ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы кармалды (видео)
ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 10-декабрда Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын башчысы, милициянын полковниги А.Т. кол алдындагы кызматкерлерден системдүү түрдө пара алган деген шек менен кармалды. Ал 2024-жылдан тартып Балыкчы шаарынын күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен ушул эле бөлүмдүн башчысы Д.Т.И. жана башка аффилирленген жак аркылуу мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгени аныкталды.
Акча каражаттарын системдүү түрдө чогултуу милиция кызматкерлеринин жумуш убактысынан тышкары, ар кандай объекттерди кайтаруу боюнча эмгек ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн төлөм катары ишке ашырылган. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Айта кетсек, ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы болуп учурда милициянын генерал-майору Тариель Абитов эмгектенет. ИИМ бул боюнча маалымат бере элек.
УКМК жемкорлукка шектелген ИИМдин Күзөт кызматы башкармалыгынын башчысын кармады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















