Трамп ВВС'ге 10 миллиард долларга доо арыз берди
АКШ президенти Дональд Трамп Британиялык телерадиоберүү корпорациясы ВВС'ге каршы доо арыз менен сотко кайрылды. Ал корпорацияны 2021-жылдын 6-январында сөзүн бурмалап, жалган маалымат тараткан деп эсептейт. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлайт.
Доо арыз 15-декабрда Флорида штатынын федералдык сотуна берилип, келтирилген зыян үчүн 10 миллиард долларга чейин компенсация талап кылынууда.
Трамптын айтымында, "Панорама" программасынын документалдык тасмасында сүйлөгөн сөздөрүнүн айрым үзүндүлөрү бурмаланып берилген. Анда 2021-жылдын 6-январында анын тарапташтары Капитолийге кирип барган күнү айтылган сөздөр "атайылап, жаман ниет менен коомчулукту адаштыруу максатында" редакцияланганы айтылган.
Ноябрь айында ВВС Трамптын сөздөрүн редакциялаганы үчүн кечирим сураган, бирок анын компенсация төлөө талабын четке кагып, жалаа жапты деп айыптоого негиз жок экенин билдирген.
Бул окуя ВВС тарыхындагы эң чоң кризистердин бири болуп, телеканалдын эки негизги жетекчисин кызматтан кетишине себеп болду.
ВВС жетекчилиги сот иши боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.
Юристтердин айтымында, Трамп үчүн АКШда сөз эркиндигин коргогон мыйзамды жеңүү оңойго турбайт. Ишти утушу үчүн ВВС аудиторияны атайылап адаштырган же монтаж учурунда кайдыгерлик мамиле кылганын далилдеши керек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















