Нью-Йоркто “Манас” эпосуна арналган БУУнун резолюциясынын 30 жылдыгы белгиленди
Кечээ, 15-декабрда АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында “Манас” эпосуна арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирип, эл аралык маданий иш-чара ассамблеянын 49/129-резолюциясынын кабыл алынганынын 30 жылдыгына карата уюштурулганын белгиледи.
Ага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева, БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасынын орун басары, ЮНЕСКОнун Нью-Йорктогу кеңсесинин өкүлдөрү, БУУга мүчө мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышты.
1994-жылы кабыл алынган аталган резолюция “Манас” эпосун адамзаттын оозеки жана материалдык эмес маданий мурасы катары дүйнөлүк деңгээлде тааныган алгачкы эл аралык документ болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунун жалпы адамзаттык баалуулуктары БУУнун негизги принциптери жана Туруктуу өнүгүү максаттары менен айкалыштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга карата БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчөлүккө талапкерлиги тууралуу маалымат берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-12-12
12:27
2025-12-10
12:18
2025-12-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















