Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталы ишке киргизилди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде бирдиктүү мамлекеттик egov.kg порталын расмий түрдө тааныштырды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Презентацияны ачып жатып төрага мамлекеттин жарандар менен ачык-айкын өз ара аракеттенүүсүнүн, ошондой эле калкты өз убагында жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуунун маанилүү ролун баса белгиледи.
“Мамлекеттик органдар ачык-айкын жана ачык иштеши керек. Биз калкка актуалдуу жана текшерилген маалыматты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Бүгүнкү күндө социалдык тармактар жана ЖМКлар маанилүү ролду ойнойт, бирок маалыматты бурмалоо жана ишенимсиз маалыматтарды таратуу учурлары көп кездешет. Бул шарттарда калк менен өз ара аракеттенүүнүн негизги куралы мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттары болушу керек”,- деп билдирди Касымалиев.
Учурда министрликтердин жана мекемелердин сайттарын жаңы бирдиктүү платформага этап-этабы менен өткөрүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Келечекте порталга бардык калган мамлекеттик органдар кошула тургандыгы кошумчаланды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















