"Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли Москвада коюлду
Орусиянын борборундагы "Москва" концерттик залында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан даярдалган Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жазылган "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев бул спектакль 2028-жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын кеңири белгилөөнүн алкагында ири долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы экендигин белгиледи.
Иш-чарага Москвада жашаган мекендештер, ошондой эле дипломатиялык миссиялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, орусиялык мамлекеттик органдардын жана маданият чөйрөсүндөгү мекемелердин өкүлдөрү жана белгилүү маданият жана искусство ишмерлери катышты.
Залга толгон көрүүчүлөр биринчи этно-мюзиклди чоң кызыгуу, таасирленүү менен кабыл алышып, аткаруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















