super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Түркия Кара деңиздин үстүнөн белгисиз учкучсуз аппаратты атып түшүрдү

 

Түркиянын аскерлери Кара деңиздин үстүнөн өлкөнүн аба мейкиндигине багыт алып учуп келе жаткан белгисиз учкучсуз аппаратты атып түшүрүштү. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта айтылгандай, аскерлер Түркиянын аба мейкиндигине жакындап келе жаткан объектти аныкташкан. Алгач учкучсуз аппарат көзөмөлгө алынган, бирок кийин аны жок кылуу чечими кабыл алынды.

"Аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылуу максатында НАТО жана улуттук командачылыктын көзөмөлүндө турган F-16 истребителдерине ыкчам согуштук аракет көрүү тапшырмасы берилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында аба объекти башкаруудан чыккан учкучсуз учуучу аппарат экени аныкталды. Мүмкүн болгон терс кесепеттердин алдын алуу үчүн ал калктуу конуштардан алыс, коопсуз аймакта жок кылынды",- деп билдирди Түркиянын Коргоо министрлиги.

Учкучсуз аппарат кимге таандык экени азырынча белгисиз. Ошондой эле анын жарандык же аскердик максатта колдонулгандыгы тууралуу так маалымат жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: