Керемет көрүнүш. Ысык-Көлгө кыштоо үчүн аккуулар учуп келишти (видео)
Ысык-Көлгө топ аккуулар кыштоо үчүн учуп келишти. Мындай видеону Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкери Кылычбек Тентимишев жарыялады.
Видеодон көлдө бейкапар топ ак куунун жана өрдөктөрдүн сүзүп жүргөнүн көрүүгө болот.
Маалымат үчүн:
Кыргызстанга жыл сайын 350гө жакын келгин куштардын түрү учуп келет. Алардын катарында ышылдак жана куркулдак аккуулар дагы бар. Сүйүүнүн символу саналган канаттуулар көлдү айлана Тоң, Жети-Өгүз, Түп жана Ысык-Көл райондорунун жээктерин байырлашат.
Окумуштуулардын маалыматы боюнча, Ысык-Көл келгин куштар үчүн ыңгайлуу жер, мында 100 миңге жакын сууда сүзүүчү канаттуулар кышташат. Алардан тышкары жазында, күзүндө жер которгон куштардын эс алуучу жана тоюнуучу жайы.
Ысык-Көлгө кыштоо үчүн ак куулар учуп келишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-12-16
15:38
2025-12-16
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















