super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эрдоган Орусия менен Украинага Кара деңиз боюнча эскертүү берилгенин айтты

 

Кара деңизде учкучсуз учак атып түшүрүлгөндөн кийин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Орусия менен Украинага деңизде кеме жүрүүсүнө коркунуч туудурган аракеттер боюнча эскертүү бергенин айтты.

"Акыркы өз ара кол салуулар Кара деңизде деңиз багыты үчүн олуттуу коркунуч жаратууда. Коммерциялык жана жарандык кемелерди бутага алган кол салуулар эч кимге пайда алып келбейт. Бул маселе боюнча эки тарапка тең ачык эскертүүлөрдү бердик", - деген ал.

Чет элдик басылмалар Эрдоган бул тууралуу Анкарада түрк дипломаттары катышкан иш-чарада билдиргенин жазышат.

Айта кетсек, кечээ, 15-декабрь күнү кечинде Түркиянын Коргоо министрлиги түрк аба күчтөрүнө таандык F-16 согуштук учактары Кара деңизден Түркиянын аба мейкиндигине жакындаган учкучсуз учакты атып түшүргөнүн жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: