Мароккодогу суу ташкыны: Каза болгондордун саны 37ге жетти
Марокконун Сафи провинциясында болгон суу ташкынынан каза болгондордун саны 37ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, кеминде 14 адам ооруканада дарыланып жатат. Буга чейин 21 адамдын өлүмү жана 30дан ашуун жаракат алгандар жөнүндө кабарланган болчу.
Жергиликтүү маалымат каражаттары бул кырсыкты акыркы он жылдагы эң чоң суу ташкыны катары мүнөздөп, адам өмүрүн алган эң оор табигый кырсыктардын бири катары баалашууда.
Учурда куткаруу жана издөө иштери уланууда. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери дагы жүргүзүлүп жатат. Нөшөрлүү жаандын кесепетинен Сафи шаарынын кеминде 70ке жакын турак жай жана соода жайлары суу астында калып, жолдордун айрым бөлүктөрү жабыркаганы айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















