"Чогуу иш баштайбыз" деп бирөөнүн кымбат унаасын алып алдап кетүүгө шектүү кармалды
Чогуу иш баштайбыз деген шылтоо менен жарандын 100 миң доллар акчасын алып алдап кетүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук милиция бөлүмүнө Ж.А. аттуу жаран акчага алданганын айтып, арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ушул жылы апрель айында 42 жаштагы Т.С. атуу жаран "чогуу иш баштайбыз" деп, 100 миң долларлык Hi-Phi Z үлгүсүндөгү унаасын алган. Шектүү акчаны төрт айдын ичинде кайтарып берүүнү убада кылган.
Бул факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Т.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткерилген. Учурда тергөө иши уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















